• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Кыргызстанда 2018-жылы эпидемиологиялык абал туруктуу болду

Коом 0

Бишкек, 21.12.18. /Кабар/. Кыргызстанда 2018-жылы эпидемиологиялык абал туруктуу болду. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөң маалымат жыйынында ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын директору Калысбек Жумаканов кабарлады.

Анын айтуусунда, бул жылы өлкөдө мал оорусунун 109 уюгу катталган.

“Бул көрсөткүч былтыркы жылга караганда 19 пунктка аз. Бул жылы дары дармектер менен камсыздоо 100%ды түзгөн. Ошондой эле жетиштүү деңгээлде биодарылардын запасы бар, алар эгерде жаз мезгилинде эпидемиологиялык учур катталса колдонулат. Андан тышкары быйыл сибирь жазасы боюнча эки факт катталган. Ал жерде оору бир малдан жуккан. Убагында дарылап, малдар аман калган”, - дейт Жумаканов.

Анын маалыматына ылайык, малдарга оору жугуу коркунучу жаз айларында абдан жогору. Анткени ошол учурда эмдөө жүргүзүлөт.

“Эгер мал арык болсо, эмдөөдөн мал оорушу мүмкүн, анткени иммунитети начар болуп, организм тийиштүү антителдерди иштеп чыга албайт”, - дейт ал.

Пикир

Оставить комментарий