• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Кыргызстанда 2019-жылдын ноябрында донордук конференция өтөт

Президент 0

Бишкек, 02.08.19. /Кабар/. Кыргызстанда 2019-жылдын ноябрында донордук конференция болот. Бул тууралуу мамлекеттик "Ала-Арча" резиденциясында өтүп жаткан чет өлкөлөрдөгү мекендештер менен байланыш боюнча Кеңештин биринчи жыйынында президент Сооронбай Жээнбеков билдирди.

"Бүгүн биз иштиктүү диалог жүргүзүп, сунушталган стратегиялык документтерге, Кеңештин кийинки жылга иш планына керектүү сунуштарды берүүгө тийишпиз", - деди президент.

Жээнбеков катышуучуларды конструктивдүү болууга, мазмундуу демилгелерди жана иштиктүү чечимдерди кабыл алууга чакырды.

"2019-жылдын ноябрында донордук конференция болот. Биз өлкөнү өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрүбүзгө, мекендештер менен өз ара кызматташууда белгиленген багыттарды, демилгелерди колдоого чакырып, кайрылабыз. Анда мен үч тараптуу – мамлекет, мекендештер жана эмгек мигранттары, өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн өз ара аракеттенүү процессине көмөк көрсөтүүнү демилгелейм", - деп кошумчалады ал.

Пикир

Оставить комментарий