• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргызстанда 2019-жылы банкоматтардын саны 6,2% өстү – Абдыгулов

Экономика 0

Бишкек, 08.10.19. /Кабар/. Кыргызстанда 2019-жылы банкоматтардын саны былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 6,2% өстү. Бул тууралуу "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйынында КР Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов билдирди.

Анын айтуусунда, президенттин «2019-жылды Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылы деп жарыялоо жөнүндө» жарлыгынын талаптарын аткаруунун алкагында өлкөнүн региондорунда финансы кызмат көрсөтүүлөрүн санариптештирүү жана банк жабдууларын орнотуу боюнча иштер уланууда.

«Өткөн жылга салыштырмалуу банкоматтар 6,2 пайызга же 95 банкоматка, ал эми POS-терминалдар 16,6 пайызга же 1 539 бирдикке көбөйдү. 2019 жылдын аягына чейин өлкөнүн региондоруна дагы 100 банкомат орнотуу пландаштырылууда», - деп билдирди Абдыгулов.

КР УБнын төрагасы кошумчалагандай, өлкөнүн алыскы райондорунда жайгашкан конуштарды накталай акча менен камсыз кылуу максатында көчмө кассаларды уюштуруу долбоору ишке киргизилген, аталган долбоор Жалал-Абад, Ош жана Нарын облустарын камтып, 127 айыл тейлөөгө алынган.

«Аталган долбоор региондордогу калктын банк жабдууларына болгон муктаждыгын эске алуу менен банк жабдууларын орнотуунун так картасын берүүгө мүмкүндүк берет», - деп кошумчалады ал.

Пикир

Оставить комментарий