• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Кыргызстанда 2019-жылы эки жаңы ишкананын курулушу башталды

Экономика 0

Бишкек, 07.06.19. /Кабар/. Кыргызстанда 2019-жылы эки жаңы ишкананын курулушу башталды. Бул тууралуу "Кабар" агенттигиндеги маалымат жыйынында Өнөр-жай, энергетика жана жер казыналарын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрага орун басары Мырза Жаманбаев билдирди.

Ал белгилегендей, Ошто "Кыргыз Текстиль ЛТД" ЖЧКсынын өнөр-жай объекттилерин куруу иштери жүрүүдө.

"Ош шаарынын мэриясы текстиль-өнөр-жай парктын курулушуна 25 гектар жер бөлүп берди", - деди ал.

Андан тышкары, Чүй облусунун Ленин айылында "Индустриалдык парк "Силк Вэй" ЖЧКсынын логистикалык борборунун курулушу башталды.

"Объекттин жалпы аймагы 10 гектар. Ал жерде кеңсе, кампа, унаалар үчүн токтотуучу жай туруп, тигүүчү фабрика курулат. Алдыда өнөр-жай паркынын аймагында ири ишканалар иштей турган жалпы аянты 70 гектар болгон тигүү, текстиль жана бут кийим продукцияларын чыгарган 112 профилдик фабриканы куруу пландалууда. Ошондой эле, ал жакта патенттин негизинде жеке ишкерлер иштейт", - деди ал.

Мырза Жаманбаев кошумчалагандай, Кыргызстандын өнөр-жайын өнүктүрүү үчүн Жер казыналарын пайдалануу комитети 2019-2024-жылдарга КРнын туруктуу өнөр-жай өнүгүү Стратегиясынын долбоорун иштеп чыккан.

Пикир

Оставить комментарий