• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Кыргызстанда 2019-жылы ипотекалык насыянын үстөгүн төмөндөтүү пландалууда – МИК

Коом 0

Бишкек, 29.01.19. /Кабар/. Бүгүнкү күндө Мамлекеттик ипотекалык компания тарабынан жалпысынан 4,2 млрд.сомго 3,8 миң ипотекалык кредиттер берилген. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйында компаниянын төрагасы Бактыбек Шамкеев кабарлады.

Анын айтуусунда, берилген кредиттердин жыйынтыгында 210 миң чарчы метр турак жай сатылып алынган.

“Үй менен Кыргызстандын 14 миңден ашык жарандары камсыз болгон. МИК 7-9 жылдык пайыз менен ипотекалык насыяларды берип жатат. 6-8 пайызга кыскартуу 2019-жылдын 4-кварталына пландалууда”, - деп кабарлады Шамкеев.

Ал белгилегендей, Нарын жана Бишкек шаарларында эки көп кабаттуу үй курулууда. Алардын ар биринде 135 батир бар.

Пикир

Оставить комментарий