• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Кыргызстанда 2019-жылы кедейчилик деңгээлинин төмөндөшү белгиленген

Экономика 0

Бишкек, 11.06.20. /Кабар/. 2019-жылы кедейчиликтин деңгээли жалпы өлкө боюнча 20,1 пайызды түзүп, мурдагы жылга караганда 2,3 пайыздык пунктка төмөндөдү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинен билдиришти.

Шаар жерлеринде кедейчиликтин деңгээли 5,4 пайыздык пунктка, ал эми айыл жерлеринде 0,5 пайыздык пунктка төмөндөгөн.

"2019-жылы кедейчиликтин жалпы чегинин нарктык көлөмү бир жылга киши башына 32 миң 981 сомду, эң төмөнкүсү 17 миң 706 сомду түздү. 2019-жылы кедейчиликтин чегинде 1 млн 313 миң адам жашаган. Алардын 73,8 пайызы айыл конуштарынын тургундары болуп саналат", - деп айтылат маалыматта.

2019-жылы мурдагы жылга салыштырмалуу кедейчиликтин деңгээли Таласта 8,8 пайыздык пунктка, Жалал-Абадда − 5,3%, Нарында − 2,5%, Баткен − 1,2%, Ошто − 0,7 жана Бишкекте − 3,5% жана Ош шаарында 14,8 пайыздык пунктка төмөндөгөнү белгиленген. Ошол эле учурда Чүй (3,5 пайыздык пунктка) жана Ысык-Көл (2,9 пайыздык пунктка) облустарында кедейчиликтин өскөнү белгиленген.

2019-жылы 0-17 жаш курагындагы 660,8 миң бала же ал курактагы балдардын 28,3 пайызы кедейчилик шартында жашаган.

Кедейчиликте жашаган балдардын саны (аймактар боюнча):

Пикир

Оставить комментарий