• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Кыргызстанда 2020-жылдын жыйынтыгы менен ИДПнын көлөмү 598 млрд сомду түздү

Экономика 0

Бишкек. 14.01.21. /Кабар/. Кыргызстанда 2020-жылдын жыйынтыгы менен ички дүң продукциянын (ИДП) көлөмү 598 млрд сомду түздү. Бул тууралуу маалымат жыйында улуттук статистика комитетинин төрагасы Акылбек Султанов билдирди.

Анын айтуусуна караганда, бул 2019-жылдагы көрсөткүчкө караганда 8,6 пайызга аз.

««Кумтөр» кен казуу ишканаларын эсепке албаганда, ИДПнын көлөмү 53 млрд сомду түзүп, 9%га төмөндөдү. Бир жыл ичинде өнөр-жай продукциясы 319 млр сомду түзүп, 6,6%га азайды. Буга күйүүчү майдын көлөмүнүн (59,3 пайыз) кыскарышы, текстиль өнөр-жайы, кийим-кече жана бут кийим, булгаары жана булгаарыдан жасалган буюмдар (21,5 пайыз), жыгач жана кагаздан жасалган буюмдар, полиграфиялык ишмердик (13,2 пайыз), резина жана пластмассадан жазалган буюмдар жана металл эмес минералдык азыктар (7,0 пайыз), азык-түлүк өндүрүү (суусундуктарды кошкондо) жана тамеки азыктары (6,6 пайыз), темир жана темирден жасалган буюмдар, буга машина менен жабдуулар кирбейт (4,4 пайыз), ошондой эле жер астынан казылган баалуу металлдардын (22,4 пайыз) кыскарышы таасирин тийгизди», - деди Султанов.

Пикир

Оставить комментарий