• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстанда 2020-жылы 657 адам ВИЧ илдетине чалдыккан

Ден соолук 0

Бишкек, 01.12.21. /Кабар/. Кыргызстанда 2020-жылы 657 адам ВИЧ илдетине чалдыккан, алардын 76%ы жыныстык жол менен жуккан.

Улуттук статистика комитети билдиргендей, акыркы жылдарда инфекциянын жыныстык жол менен жуккан учурлары (2016-жылы 60%) көбөйдү.

ВИЧ-инфекциясынын натыйжасында 2020-жылы 78 адам каза болгон, алардын көбү (48 адам каза болгон) эркектер. Бирок алардын айрымдарынын өлүмүнө баңгизатын ашыкча колдонуу жана башкалары себеп болгон. Өлгөндөрдүн жалпы санынын дээрлик бардыгы (99%) 30 жаштан 50 жашка чейинкилер, башкача айтканда, эмгекке жарамдуу курактагылар болгон. 2020-жылы ВИЧ инфекциясынан каза болгондордун эң жогорку көрсөткүчү Чүй, Ош жана Жалал-Абад облустарында катталды.

Белгилей кетсек, бүгүнкү күндө антиретровирустук дарыларды кабыл алган ВИЧ-инфекциясы бар адамдын өмүрүнүн узактыгы ошол эле курактагы дени сак адамдын өмүрүнүн узактыгынан айырмаланбайт.

Алынган иммундук жетишсиздик синдромуна – ВИЧ/СПИДге каршы Бүткүл дүйнөлүк күн, Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун жана БУУнун Башкы ассамблеясынын чечими боюнча жыл сайын 1-декабрда белгиленет.

Бул дата ВИЧ-инфекциясынын дүйнө жүзү боюнча таралышы боюнча маалымдуулукту жогорулатуу жана СПИД жана ВИЧ-инфекциясы бар адамдарга карата бейкалыс пикирлерге каршы күрөшүү максатында белгиленген.

Пикир

Оставить комментарий