• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргызстанда 2020-жылы адам өлүмүнүн саны 7 миңге көп катталды

Коом 0

Бишкек, 29.01.21. /Кабар/. Кыргызстанда 2020-жылы адам өлүмүнүн саны 7 миңге көп катталды. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынан билдиришти.

Билдирүүдө айтылгандай, коронавирус инфекциясынын кесепетинен өлүм санынын туу чокусу 2020-жылы болду.

Кыргызстанда 2016-2020-жылдар аралыгында каза болгон адамдардын саны:

2016-жылы 33 миң 545;

2017-жылы - 33 миң 143;

2018-жылы - 33 миң 10;

2019-жылы - 33 миң 317;

2020-жылы - 40 миң 1 өлүм катталган.

Ушул эле аралыкта төрөлгөн ымыркайлардын саны:

2016-жылы 159 миң 584;

2017-жылы 155 миң 36;

2018-жылы 172 миң 663;

2019-жылы 173 миң 601;

2020-жылы 158 миң 174 жаңы төрөлгөн ымыркай катталган.

Беш жыл ичинде төрөлгөн ымыркайлардын эң көп саны 2019-жылы – 173 миң 601 болсо, 2017-жылы эң аз төрөлгөн - 155 миң 36.

Пикир

Оставить комментарий