• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргызстанда 2020-жылы жүрөк-кан тамыр ооруларынан каза болгондордун саны 19,4%га көбөйгөн

Ден соолук 0

Бишкек, 10.09.21. /Кабар/. Кыргызстанда 2020-жылы жүрөк-кан тамыр ооруларынан каза болгондордун саны 19,4%га көбөйгөн. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги басма сөз жыйынында Улуттук кардиология жана терапия борборунун окумуштуу-катчысы Вера Зенцова билдирди.

Анын айтымында, карантин учурунда адамдар көбүрөөк тамеки тартып, туура эмес тамактанып жана активдүү жашоо образын азайтты.

“Коронавирус ар бир үй-бүлөгө залалын тийгизди, айрымдары ооруду, айрымдарынын жакындары кайтыш болду. Мындан улам кээ бирлеринин стресстен кан басымы көтөрүлүп, айрымдары тамеки чегүүнү көбөйттү. Азыр өлкөдө көптөгөн эркектер орто жашка чейин жашабайт. Статистика боюнча өлкөдө ар бир экинчи эркек киши тамеки тартат. Ал эми пассивдүү тамеки чегүү мындан дагы коркунучтуу, бул - тамеки түтүнүн жуткан адамдар. Биз бийликке кайрылып, жарандардын тамеки түтүнү жок таза абада болуу укуктарын коргой турган мыйзам долбоорун колдоого чакырабыз”, - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий