• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Кыргызстанда 2021-жылдын башынан бери ИДПнын көлөмү 118 млрд сомду түзүп, 9,4%га түшкөн

Экономика 0

Бишкек, 13.-4.21. /Кабар/. Кыргызстанда 2021-жылдын январь-февраль айларында ички дүң продукциянын (ИДП) көлөмү болжолдуу маалыматтар боюнча 118 млрд сомдон ашкан. Бул тууралуу маалымат жыйынында Улуттук статистика комитетинин төрагасынын орун басары Азамат Оросбаев билдирди.

Анын маалыматы боюнча, бул 2020-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 9,4%га аз.

“Кумтөр” кен байлыгын иштетүү боюнча ишкананы эске албаганда, ИДПнын көлөмү 106 млрд сомго жакын болуп, 4,5%га азайган. Өндүрүш продукциясынын көлөмү 73 млрд сомдон ашып, бул 2020-жылдын январь айына салыштырмалуу 17,9%га түшкөн”,-деп маалымат берди адис.

Пикир

Оставить комментарий