• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Кыргызстанда 2021-жылдын I кварталындагы жашоо минимумунун көлөмү 13 пайызга өстү

Экономика 0

Бишкек, 14.04.21. /Кабар/. Кыргызстанда 2021-жылдын I кварталында жашоо минимумунун көлөмү 5 840,40 сомду түзүп, өткөн жылдын тиешелүү мезгилине салыштырганда 13 пайызга өстү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирет.

Нет описания.

2021-жылдын биринчи кварталында жашоо минимумунун эң жогорку көлөмү Ош шаарында, Ош облусунда жана Бишкек шаарында белгиленди.

Ошол эле учурда, өткөн жылдын биринчи кварталына салыштырмалуу жашоо минимумунун маанисинин эң чоң көлөмү Ысык-Көл облусунда (16,2 пайызга), Ош шаарында (15,3 пайызга) жана Бишкек шаарында (13,5 пайызга) белгиленди.

Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2009-жылдын 6-ноябрындагы № 694 токтому менен бекитилген жашоо минимумунун түзүмүнө ылайык, андагы азык-түлүк товарларынын үлүшү 65 пайызды, азык-түлүк эмес товарлар - 16 пайызды, кызмат көрсөтүүлөр - 17 пайызды жана салыктар - 2 пайызды түзөт.

Азык-түлүк корзинасынын энергетикалык баалуулугу 2101 ккал түзөт, ал эми анын химиялык курамы 73 грамм белокторду жана 71 грамм майларды камтыйт.

Пикир

Оставить комментарий