• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Кыргызстанда 2021-жылдын жарым жылдыгында 979,2 миң тонна сүт өндүрүлдү

Экономика 0

Бишкек, 19.08.21. /Кабар/. 2021-жылдын январь-июль айларында республика боюнча 979,2 миң тонна сүт өндүрүлдү. Бул тууралуу Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Министрликтин маалыматында өткөн жылдын ушул мезгили менен салыштырмалуу сүт өндүрүү 19 миң тоннага, же болбосо 2 пайызга көп экендиги айтылат.

Сүт өндүрүү республиканын бардык облустарында көбөйгөнү байкалат. Сүт өндүрүүнүн өсүшү саан уйлардын саны 19,7 миң башка жана 1 уйдан саалган орточо саан 3,2 кг көбөйүшү менен байланыштуу.

Пикир

Оставить комментарий