• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстанда 2021-жылга чейин ЕАЭБдин 7 техникалык регламенти иштеп баштайт

Экономика 0

Бишкек, 29.03.19. /Кабар/. Кыргызстанда 2021-жылга чейин Евразиялык экономикалык биримдиктин (ЕАЭБ) 7 техникалык регламенти иштеп баштайт. Бул тууралуу "Кабар" агенттигиндеги маалымат жыйынында Экономика министрлигинин техникалык тескөө жана метрология башкармалыгынын башчысы Бакыт Шабданов билдирди.

Анын айтымында, ЕАЭБде жалпы 47 техникалык регламент бар. Алардын ичинен Кыргызстанда 40 регламент иштеп жатат.

Жети техникалык регламенттин сүт продукциясынан башкасы, азык-түлүк тармагындагы эмес. Алар өнөр-жай тармактарын камтыйт.

"Алар негизинен өнөр-жай продукциясына, алсак мунай менен газга тиешелүү. Алар 2019, 2020 жана 2021-жылдары иштеп баштайт", - деди ал.

Ошондой эле Шабданов кошумчалагандай, учурда ЕАЭБдин алкагында дагы 14 жаңы техникалык регламент иштелип чыгууда.

Пикир

Оставить комментарий