• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстанда 2022-жылда мугалимдердин, дарыгерлердин жана милиционерлердин айлыгы жогорулайт

Коом 0

Бишкек, 28.12.21. /Кабар/. Финансы министрлиги 2022-жылга республикалык бюджеттин болжолун жарыялады.

Ведомстводон билдиришкендей, бүгүнкү күндө социалдык тармактын кызматкерлери (мугалимдер, дарыгерлер, маданият кызматкерлери) аз айлык алышат.

«Ошондуктан алардын маянасын жогорулатуу келерди жылдын артыкчылыктуу багыттарынан болуп саналат. Ошондой эле 2022-жылда мамлекеттик жана укук коргоо орган кызматкерлеринин айлыгын көтөрүү пландалууда. Учурда министрлер кабинети менен биргеликте жогорулатуунун варианттары иштелип чыгууда. Социалдык тармактын кызматкерлеринин маянасын жогорулатуудан баштоо сунуштары айтылууда», - деп айтылат билдирүүдө.

Пикир

Оставить комментарий