• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстанда 2022-жылы калкты жана турак жай фондун каттоо жүргүзүүгө даярдык башталды

Коом 0

Бишкек, 10.11.21. /Кабар/. Кыргыз Республикасында 2022-жылы калкты жана турак жай фондун каттоо жүргүзүүгө даярдык башталды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, тийиштүү чечимге министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.

Кабыл алынган чечимге ылайык, Кыргыз Республикасынын аймагында 2022-жылдын 25-мартынан 3-апрелине чейинки мезгилде калкты сурамжылоо жолу менен 2022-жылдын 25-мартына карата абал боюнча эл жана турак жай фондун каттоо жүргүзүлөт.

Кыргыз Республикасынын алыскы аймактарында эл жана турак жай фондун каттоо 2022-жылдын 23-апрелинен 2-майына чейинки мезгилде жүргүзүлмөкчү.

Төмөнкүлөр катталууга тийиш экендиги белгиленет:

- Кыргыз Республикасынын бардык жарандары, Кыргыз Республикасынын аймагында туруктуу жашаган же убактылуу жашаган чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар, ошондой эле эл жана турак жай фондун каттоо учурунда убактылуу жок болгон Кыргыз Республикасынын жарандары;

- Кыргыз Республикасынын аймагында жайгашкан бардык турак жайлар.

Кыргыз Республикасында 2022-жылы эл жана турак жай фондун каттоо жүргүзүүгө даярдык көрүү максатында 2022-жылы эл жана турак жай фондун каттоо боюнча Кыргыз Республикасынын Республикалык комиссиясы түзүлүп, Республикалык комиссиянын тийиштүү жобосу бекитилген.

Кыргыз Республикасында 2022-жылы эл жана турак жай фондун каттоо боюнча республикалык комиссиянын төрагасы катары Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары бекитилген.

Пикир

Оставить комментарий