• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргызстанда 2022-жылы лизинг келишимдеринин олуттуу өсүшү байкалды

Экономика 0

Бишкек, 30.03.23. /Кабар/. 2022-жылы лизинг ишмердигин 17 компания жүргүздү, алар менен 1,8 миң келишим түзүлдү, ал эми 2021-жылы алардын саны 863 келишимди түзгөн.

Улуттук статистика комитети билдиргендей, мында бардык лизингдик келишимдер финансылык лизинг шарттарында түзүлдү.

Мындай келишимдердин жалпы наркы 2022-жылы 4 млрд. сомго жакын өлчөмдө түзүлдү, бул 2021-жылдын деңгээлинен 2,3 эсеге ашты.

Муну менен бирге финансылык лизингдин түзүмүндө транспорт каражаттары лизинг предмети болгон келишимдердин наркынын үлүшү 2021-жылдагы 10,9 пайыздан 2022-жылдагы 17,5 пайызга чейин көбөйдү. Ошол эле убакта курулуш-жол техникасына, машина жана механизмдерге түзүлгөн лизингдик келишимдердин наркынын үлүшү 7,0 пайызга өстү, ал эми айыл чарба техникасына, машина жана механизмдерге түзүлгөн лизингдик келишимдердин наркынын үлүшү тескерисинче 7,7 пайызга азайды.

Муну менен бирге 2022-жылы финансылык лизинг келишимдеринин олуттуу суммасы (1,8 млрд. сом же 44,6 пайыз) курулуш-жол техникаларын, машина жана механизмдерди сатып алуу үчүн түзүлгөн келишимдерге туура келди.

*Лизинг ишмердиги - лизинг келишими боюнча ижарага берүүчүнүн (юридикалык жактар) менчик жана/же зайымдык каражаттарын инвестициялоого багытталган инвестициялык ишмердиктин түрү.

Пикир

Оставить комментарий