• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Кыргызстанда 2026-жылга чейин бизнести өнүктүрүү программасы кабыл алынды

Экономика 0

Бишкек, 14.03.23. /Кабар/. Кыргыз Республикасын 2026-жылга чейин өнүктүрүүнүн Улуттук программасын ишке ашыруу максатында министрлер кабинети 2026-жылга чейин бизнести өнүктүрүү программасын кабыл алды. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, аталган программа жаңы чакырыктарды эске алуу менен бизнести туруктуу өнүктүрүүгө багытталган мамлекеттин жана жеке сектордун чараларынын жана демилгелеринин жыйындысы болуп саналат жана төмөнкүлөргө багытталган:

- 2026-жылга карата дүйнөлүк атаандаштыкка жөндөмдүүлүк индексинин рейтингинде Кыргыз Республикасынын көрсөткүчтөрүнө 10 позицияга жетишин камсыз кылуу;

- сервистик бизнести тейлөө моделине өтүү (салыктык текшерүүлөрдү кыскартуу, бажы инфраструктурасын санариптештирүү, бизнести мамлекеттик жөнгө салууну дебюрократизациялоо жана башкалар);

- технологияны жана сергек атаандаштыкты өнүктүрүүгө көмөктөшүү үчүн интеллектуалдык менчик укуктарын коргоо;

- Кыргыз Республикасында туруктуу каржылоону өнүктүрүүгө жетүүнүн мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү үчүн финансы-банк системасын ESG талаптарына ылайык келтирүү;

- курулуш, транспорт, энергетика жана финансы секторлорунда ESG стандарттарына ылайык долбоорлорду каржылоону жана ишке ашырууну 50%га көбөйтүү;

- эл аралык фонддор тарабынан каржылоо үчүн, анын ичинде экологиялык долбоорлор боюнча тышкы карыздарды кечүү боюнча сүйлөшүүлөрдүн контекстинде туруктуулук жана циклдүүлүк принциптеринде каржылоону тартуу боюнча 10дон кем эмес техникалык-экономикалык негиздемени жана бизнес-пландарды иштеп чыгуу.

"Программа ошондой эле 2026-жылга чейин ишкер аялдар үчүн мыкты өлкөлөрдүн тизмесинде Кыргыз Республикасынын рейтингин 50 деңгээлден кем эмес деңгээлге көтөрүүнү, ошондой эле өлкөнүн аймактарында өзүн-өзү иш менен камсыз кылгандардын санын көбөйтүүнү сунуштайт. 2023-жылы мектепке чейинки билим берүү мекемелерине кеминде 1000 аял тартылат", - деп айтылат маалыматта.

Мындан тышкары, 2023-жылга карата Кытай жана Өзбекстан менен чектеш аймактарда соода борборлорун түзүү чаралары белгиленген. Программа эл аралык өнөктөштөр менен кызматташууга жана долбоорлорду иштеп чыгууга ачык боло турган демилгелерди камтыйт. Программа 101 иш-чарадан турат жана 2026-жылга чейин ишке ашырылышы күтүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий