• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргызстанда 2026-жылга чейин экспорттук-импорттук банк түзүлөт

Экономика 0

Бишкек, 23.09.21. /Кабар/. Кыргызстанда 2026-жылга чейин экспорттук-импорттук банк түзүлөт. Бул тууралуу КР 2021-2026-жылдарга өнүгүү программасын талкууда президенттин администрациянын стратегиялык өнүктүрүү жана пландоо бөлүмүнүн башчысынын орун басары Айнура Үсөнбекова билдирди.

Ал белгилегендей, өлкөнүн өнүгүүсү үчүн мультимедиялык соода хабын түзүү, электрондук коммерцияны ишке киргизүү сыяктуу чараларды көрүү пландаштырылууда.

“Мындан сырткары, эркин экономикалык аймакты кайра уюштуруу, креативдүү индустриялар менен технологиялар паркын түзүү, " Манас "аэропортунун базасында картографиялык борборлорду түзүү жана Аксу (Кытай-Барскоон-Балыкчы) эл аралык коридорун түзүү болот", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий