• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Кыргызстанда 2030-жылга чейин билим берүүнү өнүктүрүү концепциясы иштелип чыкты

Билим 0

Бишкек, 06.04.21. /Кабар/. Билим берүү жана илим министрлигинин жумушчу тобу тарабынан 2030-жылга чейин Кыргызстанда билим берүүнү өнүктүрүү концепциясы даярдалды. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, концепциянын максаты - Кыргызстан элдеринин руханий жана маданий баалуулуктарын сактоону жана өткөрүп берүүнү камсыз кылган бирдиктүү, ийкемдүү, ачык жана динамикалуу өнүгүп жаткан улуттук билим берүү системасын өнүктүрүүнүн жолдорун аныктоо, ички жана тышкы чакырыктарга ийкемдүү жооп берүүчү башкаруу механизмдерин түзүү, көп маданияттуу коомдун муктаждыктарын жана билим берүүчү керектөөлөрүн канааттандыруу. Концепцияны ишке ашыруу Кыргызстандын ар бир жаранынын жашоо сапатынын жогорулашына алып келиши керек.

Концепция жогоруда аталган максаттарды ишке ашыруунун теориялык, методологиялык жана уюштуруучулук жоболорун жана багыттарын камтыйт.

2021-2030-жылдар аралыгында Кыргыз Республикасында билим берүүнү өнүктүрүү концепциясы.

Сын-пикирлериңизди жана сунуштарыңызды umambetakunov@gmail.com электрондук дарегине жөнөтүңүздөр.

Пикир

Оставить комментарий