• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргызстанда 21 бейтап коронавирустан айыкты. Жалпы 416

COVID - 19 0

Бишкек, 28.04.20. /Кабар/. Кыргызстанда дагы 21 бейтап коронавирустан айыкты. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары, өлкөнүн башкы санитардык дарыгери Нурболот Үсөнбаев билдирди.

"Коронавирустан 21 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды. Алардын ичинен Бишкек шаарында – 3, Нарын облусу – 1, Жалал-Абад облусу - 9, Ош облусу – 1, Ош шаары – 2, Ысык-Көл облусу – 4, Баткен облусунда 1 бейтап. Учурда коронавирустан айыккандардын саны 416га жетти", - деди ал.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 28-апрелге карата коронавирус жуктурган 13 жаңы учур катталды. Азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 708ге жетти. Алардын ичинен 416 адам коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылган. Коронавирус жуктурган 8 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий