• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргызстанда дагы 21 бейтап коронавирустан айыкты. Жалпы 437

COVID - 19 0

Бишкек, 29.04.20. /Кабар/. Кыргызстанда дагы 21 бейтап коронавирустан айыкты. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова

"Коронавирустан 21 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды. Алардын ичинен Бишкек шаарында – 9, Нарын облусу – 5, Жалал-Абад облусу - 3, Ош облусу – 1, Ош шаарында - 3 бейтап. Учурда коронавирустан айыккандардын саны 437ге жетти. Ооруканадан чыгарылгандардын бардыгынын анализдери терс болуп чыкты", - деди ал.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 29-апрелге карата коронавирус жуктурган 21 жаңы учур катталды. Азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 729га жетти. Алардын ичинен 437 адам коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылган. Коронавирус жуктурган 8 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий