• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстанда 22-декабрга карата күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 22.12.21. /Кабар/. Кыргызгидромет борбору 22-декабрга карата күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат таратты.

Ага ылайык, бүгүн, 22-декабрда эртең менен жана күндүз Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жаан, кар, Чүй, Талас облустарынын тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, Чүй, Талас облустарынын дыйканчылык аймактарында жана Ысык-Көл облусунда жаан-чачын күтүлбөйт.

Тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +10...+15, Ысык-Көл облусунда +2...+7 жылуу, ал эми Нарын облусунда -1...-6 градус суук болушу күтүлөт.

Ал эми Бишкек шаарында абанын температурасы +13...+15 градуска жетет.

Пикир

Оставить комментарий