• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кыргызстанда 22-марттан баштап өзгөчө кырдаал режими киргизилет — Абылгазиев

Өкмөт 0

Бишкек, 21.03.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Кыргыз Республикасынын аймагында өзгөчө кырдаал режимин киргизүү боюнча кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттөн кабарлашты.

Кеңешменин жүрүшүндө Премьер-министр билдиргендей, Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин сунушуна ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өлкө аймагында 2020-жылдын 22-мартынан баштап 1 айлык мөөнөткө өзгөчө кырдаал режимин киргизет.

Премьер-министр кабыл алынган чечимге ылайык Өкмөт планды ишке ашырууга киришерин билдирди. Анда өзгөчө кырдаал режими киргизилгенде тартылган бардык мамлекеттик органдардын иш-аракеттеринини тизмеси жана тартиби камтылган.

«Планда борбор шаарда жана облустарда блокпостторду жайгаштыруу тууралуу маалыматтар белгиленип, күнүмдүк керектөө товарларын жана дары-дармектерди жеткирүү маршруттары, өлкө ичинде аба каттамдарын ишке ашыруу, коомдук унаалардын, азык-түлүк дүкөндөрүнүн жана дарыканалардын иштөө тартиби аныкталган. Ар бир жетекчи режимди кынтыксыз аткарууга жана бардык тартылган кызматтардын үзгүлтүксүз ишин камсыздоого жеке жоопкерчиликти алат. Бул жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчыларына да, биринчи кезекте алардын калкты азык-түлүк менен камсыздоо боюнча ишине тийиштүү. Чет жактан товарларды ташуу боюнча бизде эч кандай маселе жок, ошондуктан жарандар эч жерде тигил же бул продуктунун жана дары-дармектин тартыштыгына кабылбашы керек», - деп баса белгиледи Мухаммедкалый Абылгазиев.

Өкмөт башчы белгилегендей, Бишкек жана Ош шаарларына, ошондой эле вируска чалдыккандар аныкталган райондорго өзгөчө көңүл бурулушу керек.

Кеңешме учурунда бардык бейтаптарды кабыл алууга жетиштүү орундарды, 20 мүнөттүн ичинде жыйынтык чыгарган экспресс-тесттерди камсыздоо чараларын көрүү маселелери талкууланды.

Пикир

Оставить комментарий