• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргызстанда 22 миңге жакын адам ОСАГО полисин алды

Коом 0


Бишкек, 03.05.23. /Кабар/. Кыргызстанда автоунаа ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчилигин камсыздандыруу (ОСАГО) киргизилгенден бери полисти 21 миң 743 юридикалык жана чет өлкөлүк жактар алган. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында КР Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын төрагасынын орун басары Марат Пирназаров билдирди.

Анын айтымында, полис алгандардын көп бөлүгү - 80%ы Бишкекте катталган.

Белгилей кетсек, бүгүнкү күнгө чейин 13 камсыздандыруу компаниясына ОСАГОну каттоого лицензия берилген, алардын ичинен бирөө мамлекеттик ("Мамлекеттик камсыздандыруу уюму" ААК), 12си жеке менчик.

Эскерте кетсек, ОСАГО тууралуу мыйзам 2015-жылы кабыл алынган, бирок аны аткаруу бир нече ирет жылдырылды. 2023-жылдын башынан тарта бардык унаа ээлери жарандык-укуктук жоопкерчилигин камсыздандырышы керек болчу, антпесе, 1-апрелден тарта унаасын камсыздандырбаган жарандарга 3000 сом айып пул салуу пландалган.

Бирок президент Садыр Жапаров ОСАГОну киргизүү мөөнөтүн жылдырууну тапшырган.

Ошентип, 2023-жылдын 1-январынан тартып жарандардын белгилү бир категориясы үчүн ОСАГО киргизилди. Алар:

- чет элдик жактар (физикалык жана юридикалык жактар);

- юридикалык жактар, анын ичинде мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары.

Өз кезегинде физикалык жактар үчүн ОСАГО полисин алуу 2024-жылдын 1-январынан тартып милдеттүү болмокчу.

Пикир

Оставить комментарий