• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргызстанда 2236 мектеп бар

Коом 0

Бишкек, 28.08.18. /Кабар/. Кыргызстанда 2236 мектеп бар, анын 409у ар кандай сабактарды тереңдетип окутуу менен жана 92 жеке мектеп. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Окуучулардын 75% кыргыз тилдүү билим берүү мекемелерине барышат – андай 1423 мектеп бар.

Орус тилдүү – 216, өзбек – 43, тажик – 3.

Ошондой эле аралаш кыргыз-орус тилдүү 551 мектеп бар.

Республика боюнча мектептердин китеп менен камсыз болуусу 83,6% түзөт.

2018-жылдын башында кабарлангандай, беш жылдын ичинде окуучулардын саны 16% өсүп, 1,1 миллиондон ашкан.

Пикир

Оставить комментарий