• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Кыргызстанда 23 бейтап коронавирустан айыкты. Жалпы 114

COVID - 19 0

Бишкек, 17.04.20. /Кабар/. Кыргызстанда дагы 23 бейтап коронавирустан айыкты. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары, өлкөнүн башкы санитардык дарыгери Нурболот Үсөнбаев билдирди.

"Ош шаарында 7, Бишкекте – 9, Жалал-Абада облусунда 7 ооруканадан чыгарылды. Учурда ооруканадан айыгып чыккандардын саны 114кө жетти", - деди ал.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 17-апрелге карата коронавирус жуктурган 23 жаңы учур катталды. Азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 489га жетет. Алардын ичинен 114 адам коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылган. Коронавирус жуктурган 5 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий