• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Кыргызстанда 23 тонна аткезчилик мандарин аныкталды

Коом 0

Бишкек, 18.12.17 /Кабар/. Кыргызстанда 22 890 кг, жалпы суммасы 144 550 сомдук аткезчилик мандарин ачыкталды. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык,Ош облусунун Жапалак айылынын аймагында бажы кызматкерлери тарабынан КР жараны Ч.Н.М., аттуу жаран башкарып бара жаткан “Мерседес Бенц” үлгүсүндөгү унаа токтотулган.

Текшерүү маалында унаанын ичинде 22 890 кг, жалпы суммасы 144 500 сомду түзгөн мандарин табылган.

Чогултулган материалдар Ош облусунун прокуратурасына өткөрүлүп берилди.

Пикир

Оставить комментарий