• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргызстанда 24-декабрга карата күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 24.12.21. /Кабар/. Кыргызгидромет борбору 24-декабрга карата өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат таратты.

Ага ылайык, Кыргызстанда бүгүн күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Айрым райондордо туман түшүшү күтүлөт. Батыштан сооккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши мүмкүн.

Абанын температурасы Чүй, Талас облустарында +5…+10 градус, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +8…+13 градус, Ысык-Көл облусунда 2…+7 градус жылуу болсо, Нарын облусунда -2…-7 градус суук болот.

Ал эми Бишкек шаарында абанын температурасы +6…+8 градус болору күтүлөт.

Пикир

Оставить комментарий