• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргызстанда 24-январга чейин туруксуз аба ырайы күтүлөт - Кыргызгидромет

Коом 0

Бишкек, 21.01.21. /Кабар/. Кыргызстанда 22-январдан 24-январга чейин туруксуз аба ырайы күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет борборунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, өлкөнүн көпчүлүк аймактарында мезгил-мезгили менен кар жаашы, 22-январда эртең менен, күндүз жана 23-январда түнкүсүн кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Зымдарга жана бактарга суу кар жабышышы күтүлөт. Жолдор тайгак жана тоңголок болуп, кар күрткүсү күтүлөт. 22-24-январларда батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы айрым жерлерде секундасына 17-22 метрге жетиши күтүлөт.

23-24-январларда абанын температурасы кескин төмөндөп: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -13…-18°, түндүгүндө -16…-21°, күндүз -4…-9°, Талас өрөөнүндө түнкүсүн -14…-19°, күндүз -3…-8°, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн -7…-12°, күндүз 0…-5°, тоо этектеринде түнкүсүн -9…-14°, күндүз -1…-6°, Ысык-Көл облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -8…-13°, чыгышында -13…-18°, күндүз 0…-5°, Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -22…-27°, Ат-Башы районунда -26…-31°, күндүз -8…-13°, тоолуу райондордо түнкүсүн -14…-19°, күндүз -5…-10°, бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -30…-35°, күндүз -12…-17° суук болушу күтүлөт.

Мындай туруксуз аба ырайы жайыттарда малды кармоону, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин кыйындатат.

Пикир

Оставить комментарий