• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргызстанда 25-апрелге чейин аба ырайы кандай болот? Синоптиктердин жообу

Коом 0

Бишкек, 19.04.22. /Кабар/. Кыргызгидромет борбору 19-апрелден 25-апрелге чейин өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу болжолдуу маалымат таратты.

19-25-апрелдерде Чүй облусунда күтүлгөн аба ырайы

19-апрелде түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

20-апрелде түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, тоолуу райондордо кар жаашы, кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.

21-апрелде көпчүлүк аймактарда жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.

22-апрелде кээ бир райондордо жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

23-апрелде түнкүсүн кээ бир райондордо, күндүз көпчүлүк аймактарда жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

24-апрелде көпчүлүк аймактарда жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

25-апрелде кээ бир райондордо жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

Бийик тоолуу райондордо жолдор тайгак болот.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 20-апрелде күндүз жана 23-апрелде күндүз кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

19-25-апрелдерде Бишкек шаарында күтүлгөн аба ырайы

19-апрелде жана 20-апрелде түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

20-апрелде күндүз жана 21-апрелде мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт.

22-апрелде түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

22-апрелде күндүз жана 23-24-апрелдерде мезгил-мезгили менен жаан жаашы күтүлөт.

25-апрелде күндүз жаан-чачын күтүлбөйт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

19-25-апрелдерде Талас облусунда күтүлгөн аба ырайы

19-апрелде түнкүсүн тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз кээ бир райондордо жаан жаап, күн күркүрөшү, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

20-апрелде түнкүсүн кээ бир райондордо, күндүз көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, тоолуу райондордо кар жаашы, күндүз кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.

21-апрелде кээ бир райондордо жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

22-апрелде түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз кээ бир райондордо жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

23-апрелде түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

23-апрелде күндүз жана 24-апрелде түнкүсүн көпчүлүк аймактарда жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. 24-апрелде күндүз кээ бир райондордо жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

25-апрелде түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз кээ бир райондордо жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

Бийик тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 20-апрелде күндүз жана 23-апрелде күндүз кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

19-25-апрелдерде Талас шаарында күтүлгөн аба ырайы

19-апрелде жана 20-апрелде түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

20-апрелде күндүз жана 21-апрелде мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт.

22-апрелде түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз мезгил-мезгили менен жаан жаашы күтүлөт. 23-апрелде түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз мезгил-мезгили менен жаан жаашы күтүлөт.

24-апрелде мезгил-мезгили менен жаан жаашы күтүлөт.

25-апрелде жаан-чачын күтүлбөйт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

19-25-апрелдерде Ош облусунда күтүлгөн аба ырайы

19-апрелде жаан-чачын күтүлбөйт.

20-апрелде түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы, кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.

21-апрелде көпчүлүк аймактарда жаан, бийик тоолуу райондордо кар жаашы, кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.

22-апрелде түнкүсүн тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз кээ бир райондордо жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

23-24-апрелдерде кээ бир райондордо жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

25-апрелде түнкүсүн кээ бир райондордо, күндүз көпчүлүк аймактарда жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

Бийик тоолуу райондордо жолдор тайгак болот.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 20-апрелде күндүз жана 23-апрелде күндүз кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

19-25-апрелдерде Ош шаарында күтүлгөн аба ырайы

19-апрелде жана 20-апрелде түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

20-апрелде күндүз жана 21-апрелде мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт.

22-апрелде түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

22-апрелде күндүз жана 23-24-апрелдерде мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт.

25-апрелде түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

19-25-апрелдерде Жалал-Абад облусунда күтүлгөн аба ырайы

19-апрелде түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз тоолуу райондордо мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

20-апрелде түнкүсүн тоо этектеринде жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, өрөөндөрдө жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы, кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.

21-апрелде көпчүлүк аймактарда жаан, бийик тоолуу райондордо кар жаашы, кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.

22-апрелде түнкүсүн тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз кээ бир райондордо жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

23-апрелде кээ бир райондордо жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

24-25-апрелдерде көпчүлүк аймактарда жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

Бийик тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 20-апрелде күндүз жана 23-апрелде күндүз кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт .

19-25-апрелдерде Жалал-Абад шаарында күтүлгөн аба ырайы

19-апрелде жана 20-апрелде түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

20-апрелде күндүз жана 21-апрелде мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт.

22-апрелде түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз жаан жаашы мүмкүн.

23-апрелде түнкүсүн мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт, күндүз жаан-чачын күтүлбөйт.

24-апрелде мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт.

25-апрелде түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

19-25-апрелдерде Баткен облусунда күтүлгөн аба ырайы

19-апрелде түнкүсүн тоолуу райондордо жаан, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз кээ бир райондордо мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

20-апрелде түнкүсүн кээ бир райондордо, күндүз көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы, күндүз кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.

21-апрелде кээ бир райондордо жаан, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

22-апрелде түнкүсүн тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз кээ бир райондордо жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

23-апрелде түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз кээ бир райондордо жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

24-апрелде кээ бир райондордо жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

25-апрелде түнкүсүн кээ бир райондордо, күндүз көпчүлүк аймактарда жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

Бийик тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 20-апрелде күндүз жана 23-апрелде күндүз кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

19-25-апрелдерде Баткен шаарында күтүлгөн аба ырайы

19-апрелде жаан-чачын күтүлбөйт.

20-апрелде күндүз жана 21-апрелде мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт.

22-апрелде түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз жаан жаашы, күн күркүрөшү мүмкүн.

23-апрелде түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт. 24-апрелде мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт.

25-апрелде түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

19-25-апрелдерде Ысык-Көл облусунда күтүлгөн аба ырайы

19-апрелде жана 20-апрелде түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

20-апрелде күндүз жана 21-апрелде көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

22-апрелде кээ бир райондордо жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

23-апрелде түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз кээ бир райондордо жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

24-апрелде түнкүсүн кээ бир райондордо, күндүз көпчүлүк аймактарда жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

25-апрелде кээ бир райондордо жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

Бийик тоолуу райондордо жолдор тайгак болот.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 20-апрелде күндүз, 23-апрелде күндүз жана 24-апрелде кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

19-25-апрелдерде Чолпон-Ата жана Каракол шаарларында күтүлгөн аба ырайы

19-апрелдерде жана 20-апрелде түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

20-апрелде күндүз, 21-апрелде жана 22-апрелде түнкүсүн мезгил-мезгили менен жаан жаашы күтүлөт.

22-апрелде күндүз жана 23-апрелде түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

23-апрелде күндүз жана 24-апрелде мезгил-мезгили менен жаан жаашы күтүлөт.

25-апрелде жаан-чачын күтүлбөйт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 24-апрелде 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

19-25-апрелдерде Нарын облусунда күтүлгөн аба ырайы

19-апрелде жана 20-апрелде түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

20-апрелде күндүз жана 21-апрелде түнкүсүн кээ бир райондордо мезгил-мезгили менен жаан жаашы, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

21-апрелде күндүз көпчүлүк аймактарда жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

22-апрелде кээ бир райондордо жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

23-апрелде түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз кээ бир райондордо жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

24-апрелде түнкүсүн кээ бир райондордо, күндүз көпчүлүк аймактарда жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

25-апрелде кээ бир райондордо жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

Бийик тоолуу райондордо жолдор тайгак болот.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 20-апрелде күндүз, 23-апрелде күндүз жана 24-апрелде кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт .

19-25-апрелдерде Нарын шаарында күтүлгөн аба ырайы

19-апрелдерде жана 20-апрелде түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

20-апрелде күндүз, 21-22-апрелдерде мезгил-мезгили менен жаан жаашы күтүлөт.

23-апрелде түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт.

24-апрелде түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт.

25-апрелде түнкүсүн мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт, күндүз жаан-чачын күтүлбөйт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 24-апрелде 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Пикир

Оставить комментарий