• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргызстанда 25-апрелге карата күтүлгөн аба ырайы

Коом 0

Бишкек, 25.04.23./Кабар/. Кыргызгидромет борборунан билдиришкендей, бүгүн, 25-апрелде Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт.

Ош, Баткен облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. Бийик тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз Ысык-Көл акваториясында, 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы Чүй облусунда +17...+22, Талас облусунда+16...+21, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +25...+30, Ысык-Көл облусунда +12...+17, Нарын облусунда +13...+18 градус жылуу болот.

Бишкек шаарында мезгил-мезгили менен жаан жаап, аба температурасы +19...+21, градуска чейин көтөрүлүшү күтүлөт.

Пикир

Оставить комментарий