Кыргызстанда 25 бейтап коронавирустан айыкты. Жалпы 600

COVID - 19 0

Бишкек, 05.05.20. /Кабар/. Кыргызстанда дагы 25 бейтап коронавирустан айыкты. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары, өлкөнүн башкы санитардык дарыгери Нурболот Үсөнбаев билдирди.

"Коронавирустан 25 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды. Алардын ичинен Бишкек шаарында – 2, Нарын облусунда – 2, Ош облусунда – 3, Ош шаарында – 18 бейтап. Ооруканадан чыгарылгандардын кайталап алынган анализдери терс болуп чыкты. Учурда коронавирустан айыккандардын саны 600гө жетти", - деди Үсөнбаев.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 5-майга карата коронавирус жуктурган 13 жаңы учур катталды. Азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 843кө жетти. Алардын ичинен 600 адам коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылган. Коронавирус жуктурган 11 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий