Кыргызстанда 25 коммерциялык банк иштейт

Экономика 0

Бишкек, 06.12.19. /Кабар/. 2019-жылдын январь-сентябрь айларында өлкөдө 25 коммерциялык банк жана 587 банктык эмес финансылык-кредиттик уюм (БФКУ) иш жүргүзгөн. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинен билдиришти.

Ушул жылдын 9 айында алар тарабынан 105,9 млрд сом насыя берилген: коммерциялык банктар – 81,8 млрд сом, ал эми БФКУ – 24,1 млрд сом. Насыялар негизинен соода чөйрөсү, керектөө муктаждыктары жана айыл чарба багыттары боюнча берилген.

Пикир

Оставить комментарий