• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстанда 25 миңге жакын медайым бар

Ден соолук 0

Бишкек, 23.08.21. /Кабар/. Кыргызстанда 25 миңге жакын медайым бар. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин медициналык жардамды уюштуруу жана коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башкы адиси Гүлназ Ажымамбетова брифинг учурунда билдирди.

“Медайымдар фельдшердик акушердик пункттардан тартып, адистештирилген ооруканаларга чейин саламаттык сактоо системасынын баардык деңгээлинде калкка кеңири кызмат көрсөтөт. Калкты коронавирустук инфекцияга каршы эмдөө боюнча чоң компания жүрүп жатканда медайымдар бейтаптарга вакцинация жөнүндө маалымат берип, эмдөө жүргүзүшүп, эмдөөдөн кийинки мониторингдерге катышууда”, - дейт ал.

Ажымамбетова белгилегендей, медайымдар бейтаптарды реабилитациялоодо, ден соолук жана гигиена маселелери боюнча калктын маалымдуулугун жогорулатууда.

“Ошондой эле медициналык жана психикалык жардам көрсөтүүдө чечүүчү ролду ойношот”, - деп айтат ал.

Пикир

Оставить комментарий