• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргызстанда 255 саясий партия бар болсо, диний уюмдардын саны 477ге жетет

Коом 0

.Бишкек, 30.10.20. /Кабар/. Кыргызстанда саясий партиялардын саны 255ке жетет. Бул тууралуу "Кабар" агенттигиндеги маалымат жыйында юстиция министри Марат Жаманкулов билдирди.

Кыргызстанда саясий партиялардын жалпы саны 255 болсо, алардын 14ү былтыр каттоодон өткөн. Ал эми быйылкы жылы 1 жаңы партия түзүлгөн.

"Диний уюмдардын жалпы саны 477 болсо, анын 33ү 2019-жылы каттоодон өткөн", - деди ал.

Ошондой эле ал белгилегендей, өлкөдө ММКлардан саны 3 миңден ашат.

Былтыр 7 миң 633 юридикалык жак жаңыдан катталса, 4 миң 696 юридикалык жак кайра каттоодон өткөн. Ошондой эле 1 миң 174 юридикалык жак жоюлган (жалпы 13 миң 503 юридикалык жак катталып (кайра катталып), жоюлган).

Пикир

Оставить комментарий