• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстанда 28-мартка карата коронавирус жуккан жаңы учур катталган жок

COVID - 19 0

Бишкек, 28.03.20. /Кабар/. Кыргызстанда 28-март саат 14:00гө карата коронавирус инфекциясын жуктуруунун жаӊы учурлары катталган жок. Бул тууралуу өкмөт үйүндө өтүп жаткан брифингде КР Саламаттык сактоо министрлигинин штабынын башчысынын орун басары Касымбек Мамбетов билдирди.

Анын маалыматына ылайык, бүгүнкү күндө өлкө боюнча коронавирусту жуктурган 58 учур аныкталган.

"Бүгүнкү күндө обсервацияда 4 миң 886 киши жатат. Күндөн-күнгө алардын саны кыскарууда. Ал эми 3 миң 338 киши үй карантининде. 8 миң 224 киши биздин өзгөчө көзөмөлүбүздө болууда", - деп кошумчалады ал.

Кыргызстандын аймагында катталган 58 учурдун ичинен;

-Жалал-Абад облусунда – 26 учур,
-Ош облусунда – 27 учур,
-Бишкек шаары – 4 (Чүй облусунун Москва районунун бир тургуну борбор калаанын инфекциялык ооруканасына которулган),
-Баткен облусунда – 1 учур расмий тастыкталды.

Пикир

Оставить комментарий