• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстанда 29 жаран ID-картаны акысыз негизде алды

Коом 0

Бишкек, 21.05.21. /Кабар/. Кыргызстанда 20-майга карата 29 жаран 2017-жылкы үлгүдөгү ID-картаны акысыз негизде алды. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 29 кыргызстандыктын ичинен 26сы өспүрүм, үчөө Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери. Учурда дагы 784 адамдын ID-картасын даярдоо маселеси каралууда.

Паспорт акысыз негизде 1-майдан 31-августка чейин берилет. ID-карта төмөнкү категориядагы жарандарга акысыз негизде берилет:

-мамлекет тарабынан колдоого алынган жана интернаттарда жашаган 16 жаштагы балдар;

-18 жашка чейинки томолой жетим балдар;

-мамлекет тарабынан колдоого алынган жана интернаттарда жашаган ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар;

-мамлекет тарабынан колдоого алынган жана интернаттарда жашаган карыялар жана 70 жашка чыккан пенсионерлер;

-Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери жана Баткен окуясынын катышуучулары;

-кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдан жабыркагандар.

Пикир

Оставить комментарий