• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Кыргызстандын 3-5 жылда энергетикалык кризистен чыгууга мүмкүнчүлүгү бар

Коом 0

КРнын энергетикалык тармагында топтолгон 500 млн доллар көйгөйдү чечпейт.

Бүгүнкү күндө Кыргызстандын энергетикалык тармагында көп жылдан бери топтолгон бир катар көйгөйлөр бар. Алардын бири – тармактын карызы. Энергетикалык компаниялардын карызы болжол менен 130 млрд сомду түзөт.

Электр энергиясынын азыркы баасы менен карыздын жыл сайын 7-10 млрд сомго көбөйүп жатканы кырдаалды курчутууда.

“Чындыгында биз энергетика тармагын мамлекеттик бюджеттен жаап жатабыз, аны колдоо үчүн көбүрөөк өлчөмдө кредиттер, гранттар алынууда”, - дейт серепчи Денис Бердаков.

Ар кандай эсептөөлөр боюнча, электр энергиясынын өздүк наркы менен анын акыркы баасынын ортосундагы айырманы жабууга бюджеттен жыл сайын берилүүчү субсидиялар керектөөчүлөр үчүн 70 милрд сомго жакынды түзөт. Жакшы жагынан алганда, бул тармакты жөн эле жөндөмдүү кармап туруу үчүн жылына ушундай эле сумма керектелет, анткени электр чубалгылары, ГЭСтер жана турбиналар эскирген.

КРда электр энергиясын керектөө 6-7%га өсүп жатканын эске алуу менен дотацияга жана тармакты колдоого керектелүүчү сумма жылдан жылга көбөйө берет.

Ошол эле учурда Кыргызстандын эбегейсиз энергетикалык мүмкүнчүлүгү бар. Денис Бердаковдун пикиринде, республика реалдуу түрдө азыркы кубаттуулукту 3-5-7 эсеге көбөйтө алат.

“Эгер канча электр энергиясын өндүрө алат деп Кыргызстандын жалпы энергетикалык мүмкүнчүлүгү жөнүндө сөз кыла турган болсок, анда мүмкүнчүлүк кеңири. Мисалы, Жогорку Нарын ГЭС каскадын жана “Камбар-Ата – 1” ГЭСтери гана курулса, анда биз көп жагынан ылдыйкы агымдагы өлкөлөрдүн ирригациялык көйгөйлөрүн чечип, ушул каскадда гана 6 мегаваттык гидроэлектрэнергиясын өндүрүүгө киребиз. Салыштыруу үчүн, Токтогул суу сактагычында азыр 1.2 мегаватт берет. Башкача айтканда, бул параметрлердин бары олуттуу өзгөрөт”, - деди Бердаков.

Дайымкыдай эле бары келип акчага такалат. Эксперттин айтымында, ал айткан ГЭСтердин курулушуна бир нече млрд АКШ доллары керектелет. Бул сырттан каражат келгенде гана ишке ашары түшүнүктүү, бир бюджет менен бул мүмкүн эмес.

Биз бүгүн чакан энергетикага максаттуу инвестицияларды көрүп жатабыз. Таласта 100 млн долларга жакын инвестиция салынган, башка жакка майда-чүйдөсүнө чейин жумшалган. Башкача айтканда, негизинен, акча салынып жатат, бирок бул ушундай жарым-жартылай жеке бизнес.

Муну менен катар тармактын инвестициялык муктаждыгы бир топ жогору, 7-8 млрд долларды түзөт. Ал эми Бердаковдун айтымында, алардын инвестициясы бир катар шарттарды эске алуу менен абдан максатка ылайыктуу.

“Эгер олуттуу энергетикалык долбоорлор жөнүндө айта турган болсок, анда Борбор-Азия – Кытай газ түтүктөрүн, Д линиясын же көмүрдү энергия катары өндүрө турган Кара-Кечеде ЖЭБ курууну бөлүп айтсак болот. Башкача айтканда, жакынкы 5-7 жылда Кыргызстандын энергетика тармагына 7-8 млард долларга чейин инвестиция салуу максатка ылайыктуу жана экономикалык жактан негиздүү. Бирок жаңы кубаттуулуктар экспортко же кенчилердин муктаждыктарына ылайыктуураак тарифке байланыштуу иштей турган шарт менен. Ал эми Кыргызстан ансыз деле ошонун эсебинен жашап, кирешеден энергияны дотациялайт. Бул толугу менен акылга сыярлык жол”, - деп эсептейт Бердаков.

Ошол эле учурда республика бүгүнкү күндө канча керектелсе, ошончо электр энергиясын, болжол менен 15 млрд киловатт-саат электр энергиясын өндүргөн кырдаалга туш келди. Ал эми керектөө жыл сайын өсүп жаткан болсо, анда бул, тилекке каршы, өндүрүш көлөмү жөнүндө айтууга болбойт.

Кырдаалдын татаалдыгына карабастан, Денис Бердаковдун айтымында, орто мөөнөттүү келечекте Кыргызстандын аны оңдоого жана энергетикалык ажырым маселесин чечүүгө толук мүмкүнчүлүгү бар.

“Акыркы жылда масштабдуу энергетикалык тармакка каражат тартуу активдешип бара жатат. Бул жерде 500 млн доллар менен маселени чечүү мүмкүн эмес. Кеп каскадды, ТЭЦти, бир эле учурда газ түтүгүн курууга орто эсеп менен 5-10 млрд доллар жөнүндө болуп жатат. Мунун баарын ишке ашыруу үчүн азыркы бийлик көп иштерди жасап жатат. Кеп коопсуздуктун жаңы структурасы жөнүндө болууда, анын ичинде энергетика, азык-түлүк, климат, мунун баары бүтүндөй Борбордук Азия чөлкөмүнө байланыштуу. Кыргызстан Казакстан жана Өзбекстан менен биргеликте ушул долбоорлордун барын ишке ашырүү үчүн 5-7 жылга акча бере турган донорлорду издеш керек”, - деп сөзүн жыйынтыктады Бердаков.

Пикир

Оставить комментарий