• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргызстанда 3 айга жете турган дары-дармек бар – Саламаттык сактоо министрлиги

COVID - 19 0

Бишкек, 31.03.20. /Кабар/. Кыргызстанда 3 айга жете турган дары-дармек бар. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында Саламаттык сактоо министрлигинин ыкчам штабынын башчысынын орун басары Касымбек Мамбетов билдирди.

Ал, дары-дармек барбы, жетеби деген суроолор жаңырып жатканын айтып, бул дары-дармектер 3 айга жетерин билдирди.

"Кампаларда, ооруканаларда 3 айга жете турган дары-дармек бар. Керектүү дарылардын баары бар", - деп, ал бул маселе боюнча эл аралык коомчулук менен сүйлөшүү болуп жатканын билдирди.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда коронавирус жуктурган 13 жаңы учур катталды. Азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктургандардын саны 107ге жетти. Алардын ичинен Жалал-Абад облусунда үч адам коронавирустан айыгып чыккан.

Коронавируска байланыштуу Кыргызстандын Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаары, Ноокат жана Кара-Суу, Сузак райондорунда 2020-жылдын 25-мартынан саат 08.00дөн баштап 15-апрелине саат 08.00гө чейин өзгөчө абал киргизилген.

Мындан улам өзгөчө абал киргизилген шаар жана райондордо 20:00-07:00 сааттар арасы коменданттык саат деп белгиленип, ал убакта көчөдө жүрүүгө тыюу салынды. Ал эми саат 07:00дөн 20:00гө чейин жарандар сыртка үч себеп менен чыга алышат: дүкөндөн азык-түлүк, дарыканадан дары-дармек сатып алуу жана ооруканага баруу үчүн. Сыртка чыкканда жарандардын жанында өздүгүн тастыктоочу документи жана маршруттук кагазы болуш керек.

Пикир

Оставить комментарий