• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргызстанда 3 чакырым аралыкка чуркаган аскер кызматкери каза болду

Кырсык 0

Бишкек, 18.10.18. /Кабар/. КР Абадан коргонуу күчтөрүнүн прапорщиги 3 чакырым аралыкка чуркап каза болгон. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, кырсык бүгүн, 18-октябрда болгон. Абадан коргонуу күчтөрүнүн 23565-бөлүгүнүн прапорщиги 1988-жылкы С.М., кулап, эсин жоготуп койгон.

Окуя болгон жерде биринчи медициналык жардам көрсөтүлгөн. Бирок тилекке каршы аскер кызматкери ооруканага жетпей, жолдо каза болгон.

Аталган факты боюнча кызматтык иликтөө дайындалып, окуянын чоо-жайы такталууда.

Пикир

Оставить комментарий