• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргызстанда 3 мамлекеттик медициналык борбор ишин токтотту

Ден соолук 0

Бишкек, 16.03.22. /Кабар/. КР Саламаттык сактоо министрлигинин буйругуна ылайык, Онкология жана гематология улуттук борборуна караштуу Маммология борбору, Чүй облустук бириккен ооруканасындагы Реконструктивдик-калыбына келтирүү хирургиясы борбору жана Улуттук госпиталдын алдындагы Урология илимий борбору өзүнун ишмердүүлүгүн токтотту. Бул тууралуу КР Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта мындай чечим үчүнчү уюмдардын алкагында борборлорду уюштуруу максатка ылайыксыз болгондуктан кабыл алынганы белгиленген.

“Аталган борборлордун ишинин токтотулушу медициналык тейлөөнүн сапатына таасирин тийгизбейт, анткени алардын бардыгы тиешелүү бөлүмдөргө айландырылып, штаттык режимде иштеп жатышат”, - деп айтылат министрликтин маалыматында.

Пикир

Оставить комментарий