• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кыргызстанда 3 миң 257 диний уюм катталган

Коом 0

Бишкек, 24.07.18. /Кабар/. Кыргызстанда бүгүнкү күндө 3 миң 257 диний уюм катталган. Бул тууралуу ЖМК өкүлдөрү менен “КР мыйзамына өзгөртүү киргизүү жөнүндө”, “КРдагы диний ишенимдин эркиндиги жана диний уюмдар жөнүндө” мыйзам долбоорлорун талкуулоо учурунда Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын директорунун орун басары Закир Чотаев билдирди.

Анын айтымында, анын ичинен 299 диний уюм христиандардыкы, 12 бахай жамааты, 1 иудаисттик конфессия, 1 буддалардыкы, калганы Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын түзүмүнө кирген исламдык уюмдар.

Закир Чотаев Кыгызстандын аймагында 20 диний уюмга тыюу салынганын айтты.

“Тыюу салынган уюмдар деп биз ар кандай инстанциядагы соттордун чечими менен экстремисттик жана террористтик ишмердүүлүгүнүн мотиви боюнча тыюу салынган уюмдарды айтабыз”, - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий