• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Кыргызстанда 3 шаар жана 2 райондо салык боюнча план аткарылган эмес

Экономика 0

Бишкек, 09.02.23. /Кабар/. 2022-жылдын жыйынтыгы менен Токмок, Таш-Көмүр жана Майлуу-Суу шаарлары жана Ысык-Ата, Токтогул райондору салык боюнча планды аткарган эмес. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун катышуусунда өткөн жыйынтыктоочу жыйынында салык кызматынын төрагасынын орун басары Исламбек Кыдыргычов билдирди.

Ал планды аткара албаган башкармалыктарды тизмектеди:

- Токмок шаары: план 91,1%га аткарылган. План 709 миң 79 сом болгон, ал эми чогулган каражат 645 миң 260 сом;

- Ысык-Ата району: 98,9%га аткарылган. План 1 млн 541 миң 498 сом болгон, чогулган каражат 1 млн 525 миң 264 сомду түздү;

- Токтогул району: план 95,1%га аткарылган. План 180 миң 692 сом болгон, чогулган каражат 171 миң 875 сомду түздү;

- Таш-Көмүр шаары: план 95,%%га аткарылган. План 161 миң 866 болгон, чогулган каражат 153 миң 892 сомду түзгөн;

- Майлуу-Суу шаары: план 96,6%га аткарылган. План 95 миң 866 сом болсо, чогулган каражат 92 миң 599 сомду түзгөн.

Пикир

Оставить комментарий