• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстанда 30-июль - Улуттук аза күтүү күнү

Коом 0

Бишкек, 29.07.20. /Кабар/. Эртең 30-июль күнү республиканын аймагында Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбековдун “Кыргыз Республикасында 2020-жылдын 30-июлун Улуттук аза күтүү күнү деп жарыялоо жөнүндө” жарлыгынын негизинде COVID-19 коронавирус инфекциясынан каза тапкан жарандарды эскерүү өткөрүлөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен билдиришти.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму жаңы коронавирус инфекциясынын жайылышы пандемия баскычына жеткени тууралуу жарыялаган мезгилден бери кыргыз эли дүйнө эли менен бирге капыстан келген илдетке туш болуп, оор күндөрдү баштан кечирип жатат. Кыргыз Республикасында коронавирус инфекциясы жайыла баштаган учурдан тартып бул оор илдеттен миңден ашык адам каза тапты. Бул Кыргызстандын эли үчүн оор жоготуу болду. Каза болгондордун жаркын элеси элдин эсинде дайыма сакталат.

Маданият министрлиги билдиргендей, мамлекет тарабынан республикадагы эпидемиологиялык кырдаалды жакшыртуу, COVID-19 жана пневмониянын адам өлүмүнө алып келген учурларынын санын кыскартуу үчүн аракеттер көрүлүлүп жатат. Бул аракеттер жарандык жоопкерчиликти терең сезген ишкерлер, ыктыярчылар, кайдыгер эмес жарандар тарабынан колдоого алынып, жардамдар көрсөтүлүүдө.

Улуттук аза күтүү күнүндө Кыргыз Республикасынын аймагында, ошондой эле чет өлкөдөгү дипломатиялык жана консулдук өкүлчүлүктөрдүн имараттарында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик туулары түшүрүлөт жана каза болгондорду эскерүү иш-чаралары өткөрүлөт.

Жарлыктын негизинде республикасынын маданият мекемелерине жана телерадиокомпанияларына аза күтүү күнү оюн-зоок иш-чараларын жана берүүлөрүн токтотуу сунушталган.

Пикир

Оставить комментарий