• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Кыргызстанда 30 млн. долларга мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борборун куруу сунушталууда

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 17.05.19. /Кабар/. Жогорку Кеңештин бюджет жана каржы комитети экономика министрлигинин алдында мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борборун куруу тууралуу токтом долбоорун жактырды.

Аталган борборду курууга Азия өнүгүү банкы 30 млн. доллар көлөмүндөгү грант берет.

Экономика министринин орун басары Элдар Абакиров белгилегендей, Россия, Казакстан жана Беларус мамлекеттеринин тажрыйбасы изилденген. “Борбор мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлорун иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу иштери менен алектенет жана аны менен катар мамлекеттик органдардын кызматкерлерин окутуу боюнча иш жүргүзөт”, - деди ал.

Анын айтымында, Борбордо 15 кызматкер иш алып барат. Алардын ичинен 4 кызматкердин айлык акысы Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо агенттиги тарабынан төлөнөт.

Пикир

Оставить комментарий