• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Кыргызстанда 300 суу транспорту каттоодон өткөн

Коом 0

Бишкек, 02.08.18. /Кабар/. Кыргызстанда 300 суу транспорту каттоодон өткөн. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Мамлекеттик экотехинспекциянын транспорттук коопсуздукту көзөмөлдөө башкармалыгынын башчысы Гульсада Ибраимова билдирди.

Анын айтымында, республика боюнча 300 суу транспорту жана 70 кичи кемелер каттоодон өткөн.

“Быйыл суу транспорту менен байланыштуу адам өлүмүнө алып келген эч кандай окуя катталган жок. Бардык машиналар текшерүүдөн өттү, баары жакшы абалда”, - деди Ибраимова.

Ошондой эле ал кандайдыр бир бузуу катталса, суу транспортунун ээси 7,5 миңден 18 миң сомго чейин айып пул төлөй турганын кошумчалады.

Пикир

Оставить комментарий