• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргызстанда 31,5% балдар жакырлыкта жашашат – Улуттук статком

Коом 0

Бишкек, 13-июнь /Мехриниса Сулайманова - Кабар/. Кыргызстанда 31,5% балдар жакырлыкта жашашат. Бул тууралуу маалымат жыйында Улуттук статистика комитетинин Туруктуу өнүктүрүү башкармалыгынын үй чарбасы статистикасы бөлүмүнүн башчысы Галина Самохлеб билдирди.

Анын айтымында, 2016-жылы жакырлыктын төмөндөшүндө жакыр үй-бүлөлөрдө жашаган 0-17 жаштагы балдар 9% чейин кыскарган.

2016-жылы балдар арасында жакырлыктын эң жогорку деңгээли Нарын облусунда – 44,4%, Баткенде – 42,9%, Чүйдө – 38,7%, Жалал-Абадда – 37%, Ысык-Көлдө – 31,3%, Ош шаарында – 28,2%, Ош облусунда – 27,4%, Таласта – 22,7% жана Бишкек шаарында 14% болгон.

“Жакырлыктын жеткен чегинин туруктуулугунда жакырлыкта жашаган балдардын саны 0,6% кыскарган”, - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий