• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргызстанда 31, 5 миң кыргоол жана 27,5 миң улар бар

Коом 0

Бишкек, 29.10.19. /Кабар/. Кыргызстанда 31 миң 568 кыргоол жана 27 миң 569 улар жана 19 миң 823 ондатра бар. Бул тууралуу Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Агенттиктен белгилешкендей, учурда Кыргызстанда аталган үч жаныбарга аңчылык кылуу мезгили башталды. Өкмөттүн 2015-жылдын 23 мартындагы токтомуна ылайык, улар, кыргоол жана ондатрага аңчылык кылуу мезгили декабрь айынын биринчи жекшембисинде аяктайт.

Агенттиктин жетекчилигинин чечими менен 2019-жылдагы аңчылык мезгилинде улар, кыргоол жана ондатра кармоого чектөө коюлган:

- кыргоол – 4 миң 250 ;

- улар – 1 миң 200 ;

- ондатра – 1 миң 500.

Пикир

Оставить комментарий