• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргызстанда 31 комбанкка эскертүү берилип, 47 акча алмаштыруучу жайдын лицензиясы токтотулду

Экономика 0

Бишкек, 09.12.22. /Кабар/. Улуттук банк коммерциялык банктардын жана алмашуу бюролорунун ишин туруктуу негизде көзөмөлдөп турат.

Финансылык жөнгө салуучу органдан билдиришкендей, 2022-жылдын 9-декабрына карата коммерциялык банктарга 131 текшерүү жүргүзүлгөн, натыйжада 65 жазма буйрук, 31 эскертүү жана 13 сунуш-көрсөтмө берилген.

Анын ичинде 2022-жылдын ноябрь айында 10 коммерциялык банкта текшерүү жүргүзүлүп, анын жыйынтыгы боюнча КР мыйзамдарынын талаптарын так сактоо зарылдыгы жөнүндө 9 жазма буйрук берилген.

Мындан тышкары, текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча коммерциялык банктарга банк кардарларын тейлөө сапатын жакшыртуу, калктын керектөөлөрүн канааттандыруу үчүн нак чет өлкө валютасынын жетиштүү көлөмүн камсыз кылуу зарылдыгы тууралуу сунуш-көрсөтмөлөр берилген.

Валюта рыногунун катышуучулары тарабынан КР мыйзамдарын бузуу фактылары аныкталган учурларда Улуттук банк тарабынан лицензияны кайтарып алганга чейин тиешелүү таасир этүү чаралары колдонулат.

Мындан тышкары, укук коргоо органдары менен биргеликте Улуттук банктын тиешелүү лицензиясы жок алмашуу операцияларын жүзөгө ашырган жактардын алып сатарлык иш-аракеттерине жол бербөө максатында, иш-чаралар жүргүзүлүп жатат.

Ошондой эле 121 алмашуу бюросуна жана Улуттук банктын тиешелүү лицензиясы жок чет өлкө валютасын алмашуу операцияларын жүзөгө ашырган жактарга 58 текшерүү жүргүзүлгөн.

Текшерүүлөрдүн натыйжасында, КР мыйзамдарын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларын бузгандыгы, ошондой эле Улуттук банктын талаптарын аткарбагандыгы үчүн, 263 жазма буйрук жөнөтүлүп, алмашуу бюролорунун лицензияларынын аракети 47 жолу убактылуу токтотулган, 6 алмашуу бюросунун лицензиясы кайтарылып алынган.

Ошондой эле 23 алмашуу бюросуна 55 миң сомдон (жалпы суммасы 1 265 миң сом) жана 43 жеке адамга 17,5 миң сомдон (жалпы суммасы 752,5 миң сом) айыппул салынган.

Мындан тышкары, Улуттук банк жалпыга маалымдоо каражаттарын кошо алганда, коммуникациянын бардык каналдарын колдонуп, маалыматты Улуттук банктын www.nbkr.kg расмий интернет-сайтына жана социалдык тармактардагы баракчаларына жайгаштыруу аркылуу коомчулукка түшүндүрүү иштерин туруктуу негизде жүргүзүп келет.

Пикир

Оставить комментарий